Аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө берилчү жөлөк пул жогорулады

2012-жылдын ноябрынан баштап аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө берилчү жөлөк пул 370 сомдон 580 сомго чейин, же 57%га жогорулады. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулу "дээрлик жыл сайын" көбөйүүдө. Мисалы, 2012-жылы пенсия 240 сомдон 310 сомго (29%), 2011-жылы 310 сомдон 370 сомго чейин (19%) жогорулаган.

Акыркы көбөйүүлөр мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштыруудан улам ишке ашкан. Ушул жылдын акырына чейин жөлөк пулду 10%га чейин жогорулатуу каралууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД