Ташиевдин айыбы угузулду

Атажуртчу депутаттардын сот иши боюнча болгон бүгүнкү, 31-январдагы отурумунда Биринчи Май райондук сотунда прокурор депутат Камчыбек Ташиевге айыбын угузууда.

Прокурордун айтымында, Ташиев 2012-жылдын 3-октябрында өткөн митинг маалында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган. "Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана алардын жардамчылары куралданып, митингчилер менен биргеликте бийликти басып алууга аракет кылышкан. Коргоо кызматынын кызматкерлерин сабашкан. Митинг учурунда бийликти басып алууга чакырык ташташкан", - деди прокурор.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД