Парламент имаратынын текшерүү пунктунан эркек киши өзүн өртөөгө аракет кылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 31-январдагы, жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.
Анын айтымында, эркек киши мындай кадамга соттун чечими менен макул болбой, айласыздан барган. "Өрттү өчүрүштү. Азыр баары туруктуу. Профилдик комитеттин бул маселени карасын", - деди Нышанов.