"Ак үй" алдында өзүн өрттөөгө аракет кылган аялдын өздүгү такталды. Ал баласы 13 жылга соттолгон Жыпаркан Өмүрова болуп чыкты.
Бул тууралуу жол коопсуздук кызматынын кызматкери Канатбек Шаамбеков "ВБ"га билдирди.
Анын айтымында, аялдын баласы "Бейбашчылык" беренеси боюнча Нарында соттолгон. Ушундан улам Өмүрова бир туугандары, күйөөсү жана келини менен пикетке чыгышып, президент Атамбаевдин соттордун калыс чечим чыгарып берүүсүн талап кылышты.
"Алгач аялдын колунда бир жарым литр бензин бар болчу, бирок аны биз алып койгонбуз. Анан ал чет жакка чыгып телефон менен сүйлөшүп аткандай болгон. Анан эле дароо бензинди өзүнө чачып, өрттөп жиберди", - дейт милиционер.
Жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери аялды дароо жеңил жууркан менен жаап, өрттү өчүрүшкөн. Ошентсе да аялдын бети жана чачы күйүп калган.