Социалдык фонд өз резервдик фондунун көлөмүн көбөйтүүнү суранууда

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 31-январдагы, жыйынында Социалдык фонддун быйылкы жана 2014-жылга карата болжолу боюнча бюджеттик долбоору каралууда. Талкуу учурунда мекеменин башчысы Мухамметкалый Абулгазиев резервдик фонддун көлөмүн көбөйтүүнү депутаттардан суранды.

Атка минердин айтымында, бул каражат күйүүчү жана майлоочу майга менен авариялык абалда турган мекеменин имаратын оңдоого жумшалмакчы.

"Бүгүнкү күнү ушундай иштерди жүргүзүү үчүн Соцфонддун финансылык көрсөткүчтөрү жакшы. Биз Соцфонддун бюджетинин 239 млн сомдук тартыштыгын жабууга ниеттенип атабыз. Ошондой эле быйыл пенсияны 10%га жогорулатуу да пландалып атат", - деди Абулгазиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД