Башкы прокуратура Азимбек Бекназаровго кылмыш иш козгогон жок

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы депутат Исмаил Исаковдун билдирүүсүнө түшүндүрмө берип, учурунда убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаровго карата кылмыш иши козголбогонун маалымдады. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында маалымдалды.

Башкы прокуратура учурда "Элдик Кайрат" коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн 2010-жылдын апрель окуялары учурунда "Ак үйдүн" сейфинен алынган 16 млн сом Азимбек Бекназаровдун өзүндө калды деген маалыматын текшерүүдө.

Эскертсек, коомдук бирикменин өкүлдөрү 10 млн сомду алган Бекназаровдун жакындарынын аттарын да аташкан. "Революциянын бульдозери" атыккан Бекназаров "Элдик Кайрат" өлкөнүн түштүгү үчүн бөлүнгөн 10 млн сом тууралуу айтып атышы мүмкүн деп билдирген эле.

"Бекназаровго каршы кандайдыр бир процессуалдык чечимдер, анын ичинде кылмыш иши козголгон жок. Ошондон улам парламент депутаты Исмаил Исаковду провакациялык мүнөздөгү билдирүүлөрдөн алыс турууну суранабыз", - деп айтылат Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД