Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстандан 9 күн ичинде алган газ үчүн 1 млн доллар карыз болуп, жалпы карыз 5 млн 835 миң доллар болду. Бул тууралуу бүгүн "Кыргызгаздын" басмасөз кызматынан "ВБ"га билдиришти.
Компаниянын маалыматына ылайык, Кыргызстандын Казакстанга болгон карызы 5,5 млн доллар болсо, Өзбекстанга болгон карыз 382 миң долларды түзөт.
Ошол эле убакта кардарлар "Кыргызгазга" 229,6 млн сом (4,8 млн долларда ашык) карыз. Компаниянын ири карызкорлору дагы деле болсо "Кыргызжилкоммунсоюз" – 103,3 млн сом, "Бишкекжылуулукэнерго" – 68,3 млн сом жана "Электр станциялары" – 25,8 млн сом карыз.