Өзүн өрттөгөн Жыпаркан Өмүрованын аракетине күбө болгон жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкери Канат Шаамбеков жана башка күбөлөр аялдын баласын Арстан Шайзынбаев 13 жылга эркинен ажыратканын билдиришти.
Өмүрованын туугандары жазган арызда нарындын судьясы 1989-жылы туулган Орозахун уулу Фархатты 13 жылга эркинен ажыратты деп жазылган. Сот жоопкерчиликке тартылып аткан 5 кишинин Фархаттын күнөөсү жок деген билдирүүсүнө да карабай катаал чечимди кабыл алган.
"Орозахун уулу Фархат бир жылдан бери Нарындагы убактылуу тергөө абагында камакта. Апасынын жана атасынын айтуусунда баласы күнөөлү эмес. Аны менен кошо дагы беш адам соттолгон алар Фархаттын күнөөлүү эместигин айтышыптыр", - дейт Шаамбеков.
Шаамбековдун айтымында, 52 жаштагы Өмүрова өзүн-өзү өрттөгөнгө чейин анын туугандары соттун калыс болбогондугун айтып, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышкан.
"Ак үй" алдында Жыпаркан Өмүрова менен биргеликте баланын атасы, келинчеги жана өкүл атасы да болушкан.
"Биз анын денесиндеги өрттү өчүргөндөн кийин анын бети жана чачы күйүп калганын байкадык. Ал жашагым келбейт, деп кыйкырып атты",- дейт жол көзөмөлдөө кызматынан кызматкери.