Өлкө боюнча 211 миң мекеменин Соцфондго карызы бар

Кыргызстан боюнча 211 миң түрдүү мекеме жана уюмдун Социалдык фондго карызы бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 31-январдагы, жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.

Анын айтымында, карызы бар мекемелердин катарына стратегиялык мааниси бар уюмдан тартып чакан ишканаларга чейин кирет.

"Социалдык фондго ири карызы болгондор "Чыгыш электро", "Электр станциялары" ААКы жана Кыргызстандын улуттук тармактары. Ал эми муниципалдык ишканалардан "Тазалык", Бишкектеги жүргүнчү ташыган ишканасы бар", - дейт Абулгазиев.

Ал ошондой эле 500 миңден жогору карызы болгондор ири карызкорлордун катарына кире турганын кошумчалады.

Ири карызы бар мекемелер 100дөн ашат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД