Транспорт министрлиги IT тармагын өнүктүрүүгө 18 млн сом салууну пландап атат

Кыргызстанда маалымат технологиялары тармагындагы долбоорлорду координациялоо жетишсиз. Мындай пикирин бүгүн, 31-январда, транспорт жана коммуникациялык министринин орун басары Нурлан Баяман электрондук өкмөт долбоорун ишке ашыруу маселелерине түшүндүрмө берип атып билдирди.

"Быйыл IT тармагын өнүктүрүүгө бюджеттен 18 млн сом каралды. Биз бул каражат бөлүнөт деп ойлоп атабыз жана транспорт министрлиги менен маанилүү делинген долбоорлорду ишке ашырабыз. Учурда электрондук өкмөт долбоорун ишке ашыруу боюнча бир катар маселелер бар. Бөлүнгөн каражат Кыргызстанды бул тармакта алдына жылдыруу үчүн колдонулат", - дейт Баяман.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД