Президенттин аппараты Ички иштер министри Шамил Атахановдун кызматтан кетиптир деген сөздөрдүн чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Эскертсек, Атахановдун отставкага кеткендиги тууралуу билдирүү Жогорку Кеңештин бүгүнкү пленардык жыйынында айтылган.
КР президентинин аппараты билдиргендей, ИИМ башчысы эч кандай арыз берген эмес жана президент да отставка тууралуу эч кандай буйрукка кол койгон эмес.