Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр БАЭде өткөн лицензиялык турнирде алтын утушту

Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасы Дубайда (БАЭ) өтүп аткан лицензиялык турнирге катышууда.

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча федерациясынан маалымдашкандай, өспүрүмдөр арасында 100 метр аралыкка сүзүү боюнча биринчи орунду Никита Пауков, Азиз Сансызбаев, Владислав Шулико жан Денис Петрашов ээлеп, алтын байгеге татыктуу болушту.

Эскертсек, бул турнирде чоңдор ушул күздө Баселонада өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка жолдомо утуп алуу укугу бар. Ал эми өспүрүмдөр үчүн Өспүрүмдөрдүн II олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн жолдомо утуу каралган

Мелдеш кечээ, 30-январда, башталды жана 2-февралга чейин уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД