“Кыргызфильм” быйыл беш жаңы кинонун бет ачарын жасайт

"Кыргызфильм" киностудиясы быйыл толукметраждуу беш кинонун бет ачарын жасайт. Эки кинонун бет ачары кечээ, 31-январда, борбордоргу Кино үйүндө болду. Режиссер Эрмек Ибраимов көрүүчүлөрдүн назарына "Алтын балыктар аралы" ("Остров золотых рыб") жана "Кыял" ("Мечта") аттуу эки киносун сунду.

"Алтын балыктар аралы" – бул документалдык тасма. Анын сюжети 2010-жылдагы июнь окуяларына негизделген, - дейт Ибраимов. – Анда Кара-Суу базарында аквариум саткан сатуучунун турмушу жана анын жашоого жана дүйнөгө болгон көз карашы баяндалат", - дейт режиссер.

Ал эми "Кыял" тасмасында болсо айылдык Айдар аттуу баланын турмушу баяндалат. Ал оорудан улам төшөктөн турбай калат. Жакындары аны мээрими жана камкордугу менен курчап турушат, ошентсе да ага достору жетишпейт. Бардык нерсе айылга келген цирк менен өзгөрөт. Ал цирк артистинин гипнозу менен анын эң чоң тилеги – досторунун болушу болгону болот. Ушундан кийин анын достору пайда болот.

Киносынчы Гүлбара Төлөмүшова "жаңырган жыл ата мекендик кинематографисттер үчүн жемиштүү жыл болот", - дейт.

"Учурда биздин бир катар режиссерлор жаңы тасмалардын үстүндө иштеп атат, аларды дүйнөнүн түрдүү мамлекеттериндеги күйөрмандар күтүүдө. Кыргызстандык режиссерлордун буга чейинки чыгармалары эл аралык кинофестивалдардын катышуучусу жана лауреттары да болушкан. Алардын катарында алдыңкы режиссерлор - Марат Сарулу, Темир Бирназаров, Садык Шер-Нияз, Нурлан Абдыкадыров жана башкалар бар"-, дейт киносынчы. – Ошондой эле жеке менчик студияларда да жаңы тасмалар тартылууда. Маалым болгондой кинорежиссерлор Баян Сарыгулов, Марат Алыкулов, Руслан Акун, Эрнест Абдыжапаров жана Данияр Абдыкеримов жаңы тасмалары менен көрүүчүлөрдү кубантат деп ойлойбуз",- дейт Төлөмүшова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД