КСДП фракциясы бүгүнкү, 1-февралдагы, жыйынында тоноочулук боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун жабык эшик артында карап атат.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев комиссиянын корутундусун журналистерсиз кароону КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдон суранды. Турсунбеков журналисттерде жыйындар залынан чыгууга чакырып, Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында кенен маалымат берилерин белгиледи.
Учурда комиссиянын корутундусу анын төрагасы "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмоновдун катышуусунда талкууланып атат. Ошондой эле ишке тийиштиги бар делинген атамекенчи депутаттар – Өмүрбек Текебаев, Туратбек Мадылбеков жана Райкан Төлөгөнов да катышууда.