Башкы прокуратура "Ата Мекен" партиясынын депутаттарынын тоноочулук иши боюнча өз корутундусун Жогорку Кеңешке берди. Бул тууралуу КСДП фракциясынын бүгүнкү, 1-февралдагы, жыйынында анын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.
Анын айтымында, прокуратуранын корутундусу төрага Асылбек Жээнбековдун наамына келип түшкөн. Ал документ ошондой эле КСДП фракциясынын жабык эшик артында өтүп аткан жыйынында да талкууланмакчы.