Тоноочулук боюнча комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин жыйынында каралат

"Ата Мекен" партиясынын депутаттарынын талап-тоноочулукка катышы бар жогун иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин 6-февралдагы жыйынында каралат. Бул тууралуу депутаттык комиссиянын төрагасы, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов бүгүн журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, КСДП фракциясынын депутаттары комиссиянын корутундусун карап чыгышты. "Комиссия мүчөлөрүнөн мени гана чакырышты. "Ата Мекен" фракциясынын мүчөлөрү да болду. Мага эч ким басым жасаган жок жана жасай да алышпайт", - дейт Осмонов.

Ал ошондой эле талап-тоноочулук боюнча Башкы прокуратуранын корутундусун ага бүгүн эле бергенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, КСДП фракциясы бүгүнкү жыйынында депутаттык комиссиянын корутундусун жабык эшик артында талкуулады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД