"Ак үйгө" кире турган бардык эшик жабык болгондуктан, мен тосмодон ашып түштүм",- деп "Ата-Журт" фракциясынан камалган депутаты Талант Мамытов сот иши учурунда билдирди.
Анын айтымында, ал Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары болгондуктан митингчилерге чыгып жолугушуу анын милдетине кирген. Ушундан улам ал 3-октябрда болгон митингге чыгып, нааразы болгондордун талабын төрагага айтмак.
"3-октябрдагы митингге чейин эле мен бир нече жолу митинг кылып, нааразы болгондорго чыгып жолугуп, алардын талабын Жогорку Кеңештин төрагасына билдиргем. Керек болгон учурда нааразы тараптын өкүлдөрү төрага менен жолуктургам", - дейт Мамытов.
Ал ошондой эле парламент имаратынын алдында митинг болгондо бардык эшиктер жабыла турганын айтып, 3-октябрда да бардык эшиктер жабык болгон дейт.
"Менин жумуш ордум "Ак үйдө" болгондуктан ошол күнү кирүүгө аракет кылгам. Бирок бардык эшиктер жабык болгондуктан, темир тордон ашып түшүүгө туура келди", - дейт Мамытов.