16-февралда 11 айыл өкмөт башчысы жана 2 шаардын мэри шайланат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Болот Максүтбаев билдирди.
Эскертсек, аймактык өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо 28-январдан 3-февралга чейин өтөт.
Максүтбаев Чүй облусунун Көк-Ойрок, Ош облусунун Ак-Таш жана Ноокат айылдарында ошондой эле Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол айылдарында депутаттардын кворуму болбогондуктан кайта шайлоо белгиленип атканын билдирди.
Андан сырткары Чүй облусунун айылдарында, Нарын облусунун Учкун, Баткен облусунун Катран, Өзгөн районунун Корул Ийри-Суу айылдарында жана Ысык-Көлдүн бир катар айылдарында кайра шайлоо өтөт.