Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн 21,4%ы өтө кедей жашайт

Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн 21,4%ы же 279 566 киши өтө жакыр жашайт. Бул тууралуу жаштардын социалдык адаптациясына арналган тегерек столдо маалымдалды.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин балдардын укугун коргоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Ахматованын айтымында, кедей үй-бүлөлөр категориясына 373 437 киши же 28,6%, ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөр категориясына 157 673 киши кирет. Алардын пайыздык көрсөткүчү 12,1%.

Кедейчиликте жашаган 16 жашка чейинки балдардын саны 715 807. Башкача айтканданда өдкөдөгү балдардын жалпы санынын 13,2%ын түзөт.

Эскертсек, Кыргызстандагы калктын саны 5 млн 654,8 миң киши. Алардын 2,1 миллионун балдар түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД