Бүгүн, 5-февралда, саат 9-00дөн 17-00гө чейин Сокулук районуна караштуу Таш-Булак айылында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын басмасөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Түндүкэлектр" ААКсы "Белогорка" көмөкчордонунан тараган 10 кВ электр зымдарын оңдогондуктан аталган районго жарык берүү убактылуу чектелет.