Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын имаратында көчмө жыйыны өтөт. Анда ишкананын өткөн жылы жасаган иштери менен быйылкы жасай турган милдеттери жана "Авто транспорту жөнүндөгү" мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчи маселе боюнча "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаев маалымат берсе, мыйзам долбоору менен Жогорку Кеңештин депутаты Абдырахман Маматалиев тааныштырат.