Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 4-февралда Кыргызстандын чыгармачыл топторунун жетекчилери – Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеевди, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиевди, Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Курмановду кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Чыгармачыл уюм башчыларынын өтүнүчү менен өткөн жолугушууда мыйзам базасын жакшыртуу аркылуу азыркы коом турмушундагы адабият менен көркөм өнөрдүн ролун көтөрүү жаатында сунуштар айтылды. Алар төрагага өздөрү тарабынан даярдалган "Кыргыз Республикасынын чыгармачыл союздары жөнүндө" мыйзамдын жана "Маданият жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорлорун тапшырды.
Жазуучу Чолпонбек Абыкеевдин пикиринде, адамдын руханий дүйнөгө болгон керектөөсү табигый нерсе, аны четке кагуу коом үчүн кесепетин тийгизбей койбойт. "Ошондуктан, кайсы коом болбосун, ар дайым өз жүзүн жакшыртуу зарылчылыгына барып такалары бышык. Мындай милдетти баарынан мурда адабият, музыка, көркөм өнөр гана аткара алат", - дейт ал.
Ал эми Турдубек Чокиев чыгармачыл ишмерлер 20 жылдан ашуун мезгилден бери унутта калып, эптеп өлбөстүн күнүн көрүүдө,- деп айтты. "Биз өлкөдө түзүлгөн жагдайды, бюджет каражатынын тартыштыгын жакшы түшүнөбүз. Бирок, тарых таржымалын эске салып көрөлүчү. Музыкалык жана адабий чыгармалардын мыкты үлгүлөрү Октябрь революциясынан кийин жаралды. Анда же андан кийинки согуш маалында абал азыркыдан жакшы деле эмес болчу. Мен өлкөнүн ар кайсы аймактарында жашаган адамдар менен баарлашып, анын мындай жыйынтыкка келдим: элибиз руханий жактан кезерип турат, чаңкап атат", - дейт ал.
"Биз унутта калдык, ал эми чыгармаларыбыздын деле эч кимге кереги жок болуп калды. Бул кооптуу көрүнүш. Биздин сүрөтчүлөрдүн 90 пайыздан ашууну эптеп эле жанын багууда, чыгармачылык менен алектенгенге алы да, шарты да жок. Колдоо болсо, биз деле Кыргызстандын абыроюн жогорулатып, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошот элек да", - дейт сүрөтчү Таалайбек Курманов.
Өз кезегинде төрага: "Мен сиздер тарабынан козголгон пикирлердин басымдуу бөлүгү менен макулмун. Өнүккөн коомду баардык күчтөрдү тартуу, колдогу мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу аркылуу гана курууга болот. Албетте, совет доорундагыдай мезгил эми болбойт, бири-бирибиздин алдыбызда чындыкты айталы: биз ар сүрөткерге өнөркана бере албайбыз жана бериштин кажети деле жок. Ошентсе да, мамлекет чыныгы таланттарды колдоонун жана бул максатта аларга каражат табуунун үстүндө иштөөсү зарыл", - деп билдирди.
Ошону менен бирге, ал адабият менен көркөм өнөрдү колдоо маселелери 2017-жылга карата КР Өнүгүү стратегиясынын контекстинде каралышы кажет экенин жана бул тармактардын ишмерлери катчылыкка өздөрүнүн сунуш-пикирлерин бериши керектигин кошумчалады.