Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын жарындыгын алуу жана андан чыгуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча 925 кишинин (763 чоң киши жана 162 өспүрүм) өтүнүчү канааттандырылды. Алардын көпчүлүгүн этникалык кыргыздар түзөт. Тажикстанда жашаган 569 киши жана Өзбекстанда жашаган 261 киши тарыхый мекенине кайтып келишти.
Ошондой эле Кыргызстандын жарандыгынан баш тартуу боюнча 33 кишинин (30 чоң киши жана 3 өспүрүм) өтүнүчү да канааттандырылган.