Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылынын тургуну Сыдыкбековдун 1 баш бодо малынан (кунажын) кутурма оорусунун белгилери байкалган. Мал союлуп, башы Каракол шаарындагы ветеринардык лабораторияга жөнөтүлдү. Ал эми малдын калган эти ветеринардык эрежеге ылайык жерге көмүлдү, деп билдирет Өзгөчө кырдаал министрлигинин басмасөз кызматы.