Түштүктөгү цемент заводу өндүрүштү үч жылда беш эсеге көбөйткөн

"Түштүк кыргыз цемент заводу" ЖАК үч жыл ичинде өндүрүштүн көлөмүн 2 млрд сомго чейин чыгарган. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда, Кызыл-Кыя шаарында ишкананын башкы директору Юрий Усольцев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ишкана 2010-жылдан баштап цемент чыгара баштаган. Биринчи жылы 100 миң тоннадан ашык продукция чыгарылган. 2011-жылы чыгарылган продукциянын көлөмү 370 миң тонна. 2012-жылы 501 миң тонна цемент чыгарылган. Ал эми быйыл чыгарыла турчу цементтин көлөмү 600 миң тоннадан көп болот деп пландалууда.

Өткөн жылы ишкана салык иретинде 160 млн сомдон ашык каражат төлөгөн. Анын ичинен Кызыл-Кыянын бюджети 20 млн сом алган.

Белгилей кетсек, ишканада учурда 800дөн ашык жумушчу иштейт. Жумушчулардын орточо айлыгы 18 миң сом.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД