Жазгы-талаа иштерине даярдык боюнча өкмөттүн отчетун парламент жактырды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 6-февралдагы, жыйынында депутаттар жазгы-талаа иштерине болгон даярдык боюнча өкмөттүн отчетун сунуш-пикирлерди эске алуу менен жактырды.

Бул токтомдун долбоорун 68 депутат колдоду.

"Республика" фракциясынын депутаты Нурбек Мурашевдин айтымында, токтом долбооруна Кыргызстан эгемендигин алгандан берки чет жактан алган каражаттарды көзөмөл жүргүзүүнү да көргөзүш керек.

Белгилей кетсек, добуш берүү учурунда жыйында болгону 25 депутаттай бар болчу. Алар жыйынга келбеген коллегалары үчүн да кнопкаларды басышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД