Бүгүн Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөр аткыланып түшүрүлөт

Кар көчкү түшүү коркунучу түзүлгөнүнө байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-жана 198-265-чакырымдарында жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жеткирбөө максатында 2013-жылдын 6-февралынан 10-февралына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүлөрүн атайылап аткылап түшүрүү зарылдыгы келип чыкты, деп билдирет ӨКМнын басмасөз кызматы.

ӨКМнин ыкчам тобу жана артиллериялык топ Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырмындагы (Жалал-Абад облусунун Токтогул району) Итагар кар көчкү станциясына жайгашты, кар көчкүлөрүн атайлап аткылап түшүрүү иш-чаралары 2013-жылдын 7-февралы күнү башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД