2013-жылдын 7-февралында президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды. Бул тууралуу президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө президент чек арага жакын айылдардын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу абдан маанилүү экендигин жана сабырдуулук менен жоопкерчиликти көрсөтүүнүн максатка ылайыктуулугун баса көрсөттү. Ошону менен бирге Кыргызстан чек ара маселелерин кароодо Өзбекстан менен мурда жетишилген келишимдерге таянаарын жана объективдүү мамиле жасаарын белгиледи.
"Эл канатташ жайгашкан чек ара аймактарында абал жакшырышы өзгөчө мааниге ээ. Биз ар дайым коңшулар менен жалпы тил табышууга милдеттүүбүз. Мунун өзү чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин калыс чечүүнүн негизи боло алат",- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы ошону менен бирге, өкмөт чек ара кызматы майнаптуу жана натыйжалуу иштеши үчүн керектүү көлөмдө каражат бөлүүгө тийиш экендигин белгиледи.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов мамлекет башчысына курч маселелерди тездетип чечүү жана коңшулар менен өз ара ымаланы жакшыртуу, чек арага канатташ айылдардын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик чек араны коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.