2012-жылы ички дүң продукциясынын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 304,4 млрд сом болду. Ал эми экономикадагы чыныгы азаюу 0,9%ды түздү. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов министрликтин бүгүн, 11-февралдагы, коллегиялык жыйынында "Кыргызстандын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө" айтып атып билдирди.
Анын айтымында экономикага өлкөдөгү коомдогу абал да таасир берген. Мисалы, жол тосуу сыяктуу аракеттер терс таасирин тийгизген.
Ал ошондой эле, "Кумтөр"алтын кенин кошпогондо ИДПнын чыныгы өсүшү 5%ды түзгөн. Өткөн жылы бул көрсөткүч 6,3%ды түзгөн.
Министрликтин коллегиясына биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, КР өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция боюнча бөлүм башчысы Толкунбек Абдыгулов жана башка жетекчилер катышууда.