Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гудрун Срэганы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Жолугушууда Германиялык эксперттерден түзүлгөн атайын өкмөттүк топтун алдыдагы Кыргызстанга болгон иш сапары тууралуу талкууланды. Анда эксперттик топ менен биргеликте аткарылуучу долбоорлордун тегерегинде сүйлөшүүлөр жүрөт.
ГФР эксперттери Германиянын федералдык канцлеры Ангела Меркелдин буйругу менен жиберилишет. Алардын Кыргызстанга жөнөтүлүшү, президенттин 2012-жылдын декабрь айындагы Германияга болгон расмий иш сапарында сүйлөшүлгөн.
Мамлекет жетекчиси "эки тараптуу мамилелерди жогорку деңгээлде жаңылатып, мамлекеттер ортосундагы ири долбоорлорду ишке ашыруу зарыл" экенин белгиледи.