Кыргызстанда рак менен ооруган бейтаптарга препарат жетишсиз

Бүгүн, 11-февралда, дүйнөлүк коомчулук белгилеп жаткан бүткүл дүйнөлүк бейтаптын күнүн утурлай, "ВБ"нин журналисти Улуттук онкология борборуна башбакты. Жашоого эң зарыл жана ооруну жеңилдетүүчү дары-дармектерди табуу өтө оор, ал эми айрым учурларда мүмкүн эместиги белгилүү болду.

Паллиативдик жардам, б.а. айыккыз илдет менен жабыркаган бейтаптарды багуу - тууралуу кеп, Кыргызстанда эми гана козголо баштады. Бирок, жергиликтүү адистер, чет элдик эксперттердин жардамы менен бул багыттагы стратегияны иштеп чыгууга жетишишкен. Учурда аны ишке ашырууга далалат кылышууда.

Улуттук онкология борборунун (УОБ) алдындагы хоспистин кызматкерлери, бейтаптар бул жерге өмүрү менен кош айтышуу үчүн гана келишээрин белгилешет. Алардын диагнозу 3 жана 4 баскычтагы рак оорусу. Бейтаптардын оорусу киши чыдагыс, ошондуктан аларга симптоматикалык жардам өтө зарыл. Пациенттерге ооруну басаңдатуучу наркотикалык препараттар жазылат. Андай препараттар бир топ каржатты талап кылат. Мурда айыккыз илдет менен ооругандарды кайра үйлөрүнө жөнөтүшчү. Учурда аларга медикаментоздук жардам көрсөтүү үчүн хосписте алып калышат.

УОБнун паллиативдик терапия жана кайра калыбына келтирүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Астра Арзыматованын айтымында, ооруну жеңилдетүүчү препараттар кескин түрдө жетишпейт. Алар өтө кымбат болгондуктан, көпчүлүгү Кыргызстанга келбейт дагы. Ошондуктан бейтаптар ооруга чыдоого гана аргасыз.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкө ичинде жыл сайын 4,5 миң онкологиялык оорулар катталат. Анын 80 % диагноз аныкталгандан кийинки бир жыл ичинде көз жумат.

Паллиативдик терапия жана кайра калыбына келтирүү бөлүмү болгону 25 кишиге ылайыкталган. Ал жакта эч качан бош орун болбойт.

Учурда медициналык окуу жайларда, паллиативдик жардам көрсөтүү тууралуу окутулбайт. Мыйзамда да эч нерсе жазылган эмес. Ошол эле учурда мамлекет боюнча өлүмдүн 48%ын рак, кургак учук жана СПИД оорусуна чалдыккандар түзөт. Көпчүлүк учурда дарыгерлер өз бейтаптарына алардын илдети тууралуу кантип кабар айтышаарын билишпейт.

Хоспистин бейтабы Жылдыз (каармандын аты өзгөртүлгөн), айыккыз ооруга чалдыкканын дарыгердин өңүн карап түшүнгөн. "Ал мени кабинеттен чыгып, жолдошумду чакыруумду суранды. Мен чакырып, жанында калайын десем, жолдошум менен бетме-бет сүйлөшөөрүн билдирди. Ал эми онкологиялык борборго оорум күчөшүп, чыдатпай калганынан келдим",- деди Жылдыз.

Жылдыздын жолдошу Нурлан да узак убакытка чейин чындыкты айта албай кыйналды. "Биз убакыттан уттурдук. Жубайым эч убакта ден-соолугуна кам көрчү эмес. Убакыттын жоктугуна шылтачу...", - деди Нурлан.

Өлкөдө паллиативдик жардам УОБда, Ош облус аралык онкология борборунда жана Кеминдеги кургак учук оорусуна чалдыккан бейтаптар үчүн хосписте көрсөтүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД