Мамлекеттик салык кызматы 2013-жылдын 1-январына карата ири карызы барлар тууралуу маалымдады. МСКтын басмасөз кызматы билдиргендей, өлкө боюнча салык төлөөчүлөр мамлекетке 253,7 млн сом карыз. Бир гана Бишкектеги салык төлөөчүлөрдүн карызы 52,6 млн сомду түзөт.
Маалыматка ылайык, эң ири карызкорлор болуп "Тазалык" муниципалдык кызматы – 23,8 млн сом, "Кыргызгаз" ААК – 56 млн сом, "Нарынгидроэнергокурулуш" ААК – 42,1 млн сом, "Курментыцемент" ААК – 15,6 млн сом жана "Нурлан алко" ЖЧК – 17,4 млн сом карыз.