Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 11-февралдагы кезектеги жыйынында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Демилгечи депутат Роза Акназарованын айтымында, мыйзам долбоору Кыргызстандын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздарынын ички дүң өнүмдөрүнө карата катышын сактоого багытталып, республикалык бюджеттеги ички жана тышкы карыздардын жогорку чегин алдынала аныктоо максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбоорунда сунуш кылынган жобого ылайык, карыз алынган каржы каражатынын көлөмү өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 60 пайызынан ашпоого тийиш. Мындай чара Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун ар кандай тобокелчилик кесепеттеринен сактоого оң таасирин тийгизмекчи.
Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев өкмөт бул мыйзам долбооруна каршы экендигин билдирди. Анын айтымында, ансыз деле карыз каражат алуу чеги жыл сайын республикалык бюджет долбоору менен кошо бекитилип турат. Мисалы, 2013-жылы ал чек 50 пайыз менен белгиленген. Ошондуктан, аны мыйзам аркылуу атайын белгилөөнүн анчалык деле зарылчылыгы жок.
Андан сырткары, жыйында депутаттар Дастан Бекешев, Ширин Айтматова, Ахматбек Келдибеков, Улан Чолпонбаев тарабынан сунуш кылынган КР Салык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү демилгеси да колдоо тапты. Ага ылайык, букмекердик жана тотализатордук кызмат көрсөтүүгө милдеттүү патент киргизилүүдө.
Депутат Бекешевдин айтымында, букмекердик жана тотализатордук кызмат көрсөтүүгө тыюу салынбастан, алардын ишин милдеттүү патентке өткөрүү аркылуу жөнгө салуу чарасы колго алынууда. Патент наркы – 15 миң сом. Алдынала божомол боюнча бюджетке жылына 16 млн сом киреше түшүүсү күтүлөт.