2012-жылы түшкөн салыктын 11% кошумча текшерүүлөрдүн натыйжасында төлөнгөн. Келип түшкөн каражат 3,8 млрд сомду түздү. Ал эми өткөн жылы Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) чогулкан жалпы каражаты 35,1 млрд сом болду. Бул тууралуу бүгүн, 12 февралда, МСКнын коллегиясында, Каражатты көзөмөлгө алуу жана декларацияларды иштеп чыгуу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Искендер Алымбеков кабарлады.
Анын билдирүүсүндө, 2012-жылы салык кызматтары тарабынан 9 миңден ашуун салык текшерүү компаниялары жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында бюджетке кошумча төмөндөтүлгөн же көмүскөдө калган 3,8 млрд сом төлөнгөн.
2011-жылга салыштырмалуу салык текшерүүлөрдүн натыйжасында казынага түшкөн каражаттын көлөмү 2,2 эсе, же болбосо 2 млрд 77,8 млн сомго жогорулады. Ал эми салык кызматынын өзүндө, канчалык деңгээлде текшерүүлөрдүн саны көбөйгөндүгү тууралуу маалымат берилген жок.