Бишкекте үч кыз дүкөндү талап-тоношту. Бул тууралуу борбордун ШИИБнин пресс-кызматы билдирди.
Кечки саат 23:00 чамасында жаш кыздар соода павильонуна кардар катары кирип келишкен. Дүкөндө сатуучудан башка эч ким жок экенин байкаган соң, аркасынан эшикти бекитип, соодагерден акча доолап ур-тепкиге алышкан. 10 миң сом колго тийгенден кийин текчелердеги көңүлүнө жаккан товарларды да ала чыгышкан.
Милиция кызматкерлери кол салган селкилердин изин суудурбай, 18 жашар бишкектик кызды камакка алышты. Калгандарына издөө жарыяланган.
Жаш кыздарга карата кылмыш иши козголуп, анын негизинде алар жети жылга чейинки мөөнөткө кесилип кетиши толук ыктымал экенидиги белгиленди.