Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевден өкмөттүн парламенттеги туруктуу өкүлү Аширбек Темирбаевди тартипке салуусун суранышты. Себеби, ал билим берүү комитетинин жыйындарына көңүл кош мамиле кылып келет. Бул тууралуу бүгүн, 12- февралдагы, билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин өтүп жаткан жыйынында, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиев билдирүү жасады.
Анын айтымында өкмөттүн парламенттеги туруктуу өкүлү Аширбек Темирбаев жыл ичинде билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин бир да жыйынына катышкан эмес.
"Ушунча убакыт аралыгында "Улуу Урматтуу Темирбаев" биздин жыйынга бир ирет катышууга жараган жок, андыктан биз премьер-министрдин атына кат жөнөтүүнү чечтик", - деп Осмоналиев кошумчалады.