Жогорку Кеңешти таркатууну негизинен өзүн жаңы парламенттин курамынан көргүсү келген партиялар талап кылып жатат. Бул тууралуу эксперт Кубан Абдымен "Парламент" радиосуна берген маегинде айрым саясатчылардын Жогорку Кеңешти таркатуу жөнүндөгү талабына түшүндүрмө берип жатып билдирди деп маалымдады Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы.
Эксперттин пикиринде, парламентти таркатуу талабы – саясий атаандаштыктын көрсөткүчү, ошондуктан ал кадыресе эле көрүнүш болуп саналат.
"Жогорку Кеңештин азыркы курамына кире албай калган көптөгөн партиялар өздөрүн жаңы чакырылыштын курамынан көрүп жатат. Бирок, анын баардыгы мыйзам алкагында жүрүүгө тийиш – партиялар өз программалары жана пландары менен шайлоого барып, конституциялык мөөнөттө белгиленген жалпы шайлоонун натыйжасында парламентке келе турган мезгилди күтүшү керек", - дейт ал.
Парламентаризмди өнүктүрүү маселесине токтолгон Абдымен Кыргызстандагы парламентаризм менен парламенттик демократия өнүккөн өлкөлөрдү салыштырууга болбостугун белгиледи. "Ошол эле британ моделинин дээрлик миң жылдык тарыхы бар, ал эми АКШда президенттик башкаруу экендигине карабастан парламенттик система күчтүүлүк кылат, анын демократиянын курулушундагы ролу өзгөчө мааниге ээ. Андыктан, ар кандай саясий күчтөр айтып жаткандай, ар өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ишмердүүлүгүн салыштыруу туура эмес",- деп эсептейт ал.
Саясат таануучу Кубан Абдымен парламенттин азыркы чакырылышын таркатууну жасалма түрдө тездетүүгө жол бербөө керектигин кошумчалады. "Бул парламентаризмди алсыздандырууга гана эле эмес, коомчулукту ашкере саясатташтырып, анын негизинде өлкөдө туруксуздуктун жаңы толкунуна да алып келиши толук мүмкүн. Өлкөдө туруктуу өнүгүү жана экономикалык өсүү болбосо, шайлоочулар нормалдуу шарттарда тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт",- дейт ал.