Айыпталуучу: Дунгановго каршы көрсөтмөлөрдү тергөөчүлөрдүн кысымы астында бердим

Бүгүн, 12 февралда, 2010-жылдагы апрель окуясы боюнча сот процесси өттү. Анда мамлекеттик күзөт кызматынын 3-бөлүмүнүн кызматкери - айыпталуучу Акылбек Ниязов, өзүнүн командирлери Данияр Дунганов жана Нурлан Темирбаевди жаманатты кылганын мойнуна алды.

Анын айтымында, көрсөтмө берип жаткан учурда, тергөөчү эки командир тең баардыгын моюндарына алгандыгын маалымдаган.

"Эл силерге кыжырланып жатат дешип, коркутуп-үркүтүүлөр болду. Ошондуктан мен Дунганов жана Темирбаевге тергөөчүлөрдүн кысымы астында жалган жалаа жаптым", - деди Ниязов.

"Данияр Дунгановдун жардамы менен баардыгыбыз аман калдык, ал биздин Ак үйдөн чыгып кетүүбүзгө көмөктөшкөн. Ошондой эле мамлекеттик күзөт кызматында бир-эки эле ай иштегениме байланыштуу, рациядан берилген буйруктар кимге таандык экенин аныктай алган жокмун", - деп Ниязов кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД