Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кечээ, 12-февралда, Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак айылынын жашоочуларынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Жолугушууда аталган айылдын өкүлдөрү электр жарыгын берүүдөгү үзгүлтүктөр, азык-түлүктүн, дары-дармектин кескин жетишсиздигин белгилешти.
Айыл тургундарын уккан төрага Барак айылынын көйгөйлөрү баардык чек ара аймактарынын маселелери менен окшоштугун жана аларды мамлекеттер аралык деңгээлде комплекстүү чечүү зарылдыгын баса белгиледи. Ошону менен катар ал үстүбүздөгү жылдын январь айында Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып, өкмөткө чек ара маселелерин, анын ичинде Барак айылынын тургундарынын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүү тапшырмасы берилгендигин эске салды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Жээнбеков Кара-Суу районунун Барак айылынын калкынын көйгөйлөрү жана муктаждыктары менен жакынкы убакта жеринде таанышуу максатында депутаттык жумушчу комиссия түзүлө тургандыгын маалымдады.