Кайрат Осмоналиев: МУККнын алдындагы КБК үч жетекчи менен иштеди

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын (МУКК) алдында түзүлгөн коомдук байкоочу кеңеш (КБК) түзүлгөндөн бери үч жетекчи менен иштеди. КБК жаңы түзүлгөндө Дүйшөбаев МУККнын жетекчиси болду. Анын ордуна кийин Шамил Атаханов келди, андан соң Жунусов келди. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасы Кайрат Осмоналиев бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Ал эми КБК төрагасынын орун басары Аркадий Гладилов бул тармакты каржылоо эң төмөн экенин белгиледи. "МУККда иштегендердин айлыгы башка укук коргоо органдарына салыштырмалуу төмөн. Ага карабастан алар өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарып атат", - дейт ал.

Ал ошондой эле бүгүнкү күнү МУККнын расмий сайты иштеп атканын жана басмасөз кызматын жакшыртууга каражат бөлүү керектигин кошумчалады.

Эскертсек, МУККнын алдындагы байкоочу кеңеш КР маморгандарындагы коомдук байкоочу кеңештердин ичинен эң акыркы болуп түзүлгөн. КБКнын курамы 11 кишиден турат. Бир жыл ичинде анын курамынан түрдүү себептер менен үч киши чыккан. Алардын бирөө ден-соолугуна байланыштуу, бирөө КБКнын кеңештерине системалык түрдө катышпагандыктан чыгарылса, дагы бирөө мамлекеттик жумушка орношкондуктан чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД