"Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ИИМде жүргүзүлүп жаткан реформалоону өз көзөмөлүнө алышы керек", - мындай пикирин бүгүнкү өкмөттүн жыйынында ИИМдеги реформалоо концепциясын талкуулоо учурунда укук коргоочу Тимур Шайхутдинов билдирди.
Активист концепциянын презентациясы учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сынактын жыйынтыгынын негизинде алууну сунуштады.
Андан тышкары, Шайхутдинов граждандык ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүн ишке кабыл алуудан мурун атайын кайра окутуу курстарын өтүүсү зарыл экендигин билдирди. "Жогорку мектепти кайрадан форматтоо керек. Ал эми ИИМди реформалоо боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия ишинин баштапкы этабында коомчулуктун алдында ар бир 10 күн сайын, кийин жарым жыл сайын отчет берип туруусу зарыл", - деди Шайхутдинов.
Белгилей кетсек, ИИМди реформалоо концепциясы граждандык коомчулук менен иштелип чыккан. Анын ишке ашуусу 2016-жылга чейин каралган.