Иса Өмүркулов россиялык инвестицияларды камсыздоочулары менен жолукту

Бүгүн, 13-февралда, Иса Өмүркулов "Экспорттук кредиттер жана инвестицияларды камсыздоочу Россиялык агенттик" ААКтын генералдык директору Петр Фрадков менен жолукту. Бул тууралуу борбордук мэриянын пресс-кызматы билдирүү жасады.

Жолугушууга Бишкектин вице-мэри Мурат Исмаилов, Бишкектигн өнүгүү агенттигинин директору Тилек Джеембаев жана РФтин КРдеги соода өкүлү Владимир Некрасов ж.б. катышышты.

Тараптар россиялык инвестициялардын кепилдиги тууралуу маселелерди талкуулашты. Андан тышкары, Фрадков агенттиктин ишмердиги жөнүндө сөз кылып, экспорттук кредиттер жана россиялык инвестицияларды чет өлкөлөрдөгү саясий жана ишмердик тобокелчиликтен сактоочу агенттик түзүлгөнүн билдирди. "Агенттик россиялык экспортунун, чет элдик контрагенттердин кредит төлөө мүмкүнчүлүгүн баалап, камсыздандыруу керектигин чечет", - деп белгиледи.

Борбордун жетекчиси, өз кезегинде каржылоого муктаж багыттарды атап өттү. Бул лифттердин капиталдык оңдоосу, шаардык котельныйлардын реконструкциясы жана узак мөөнөткө троллейбус жана атайын техникаларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД