Европа союзу Кыргызстандын демократияны чыңдоодогу аракеттерин жогору баалайт

Кечээ, 13-февралда, президент Алмазбек Атамбаев Европа союзунун Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Патрисия Флорду кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы эки тараптуу бардык багыттар боюнча мындан ары өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. Бул туралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргызстандагы демократиянын өнүгүүсү жөнүндө айтып, Алмазбек Атамбаев: "Бул маселе боюнча биз Европа союзу менен биргелешип иштейбиз деп ойлойбуз", -деп баса белгиледи.

Президент Кыргызстан менен Европа союзунун ортосунда конкреттүү биргелешкен долбоорлор боюнча өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү маанилүү экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Патрисия Флор ЕС Кыргызстандын демократияны чыңдоодогу күч-аракеттерин жогору бааларын белгиледи. "Биз сиздердин өлкөнү Борбор Азиядагы жакшы мисал деп эсептейбиз",- деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД