Ишимбай Чунуев: Кыргызстанда 2000-2001-жылдары алтын эң көп казылган

Акыркы он эки жыл аралыгында, эң көп алтын 2000-2001-жылдары казылган. Бул тууралуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин бүгүн, 14-февралда, болгон коллегиялык жыйынында агенттиктин директору Ишимбай Чунуев билдирди.

Анын айтымында, алтын эң көп казылган жылдары алтындын дүйнөлөк баасы башка жылдарга салыштырмалуу абдан төмөн болгондугун кошумчалады.

Ал ошондой эле Менделеевдин таблицасындагы бардык минералдар Кыргызстандын аймагында бар экенин айтып, бирок аны биз жетиштүү деңгээлде колдоно албай жатабыз, деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД