1990-жылдан бери көмүр казуу бир топ төмөндөп кеткен. Учурунда Кыргызстан Орто Азияда көмүр казуунун очогу болуп келген болсо, азыркы учурда ички рынокту да камсыздай албай келебиз. Бул тууралуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин бүгүн, 14-февралда, болгон коллегиялык жыйынында агенттиктин директору Ишимбай Чунуев билдирди.
Ал ошондой эле газ өндүрүү көмүр казууга караганда туруктуу экенин, бирок анын да көлөмү азайып кеткенин кошумчалады.