Жергиликтүү эл кен иштете турган компаниянын келишими боюнча толук билишпейт

Алтын кенин иштете турган компаниялардын келишиминин шарттарын жергиликтүү тургундар дээрлик билишпейт. Дале болсо жергиликтүү тургандар арасында лицензия сатылат деген көз караш өкүм сүрүүдө. Бул тууралуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин бүгүн, 14-февралда, болгон коллегиялык жыйынында агенттиктин директору Ишимбай Чунуев билдирди.

Анын айтымында түшүндүрүү иштери коом арасында такай жүргүзүлүп турушу керек. "Коомдун компаниянын келишими тууралуу толук маалыматы болбогондуктан алардын иштөөсүнө тоскоолдуктарды жаратып атат. Жергиликтүү тургундар компаниядан жергиликтүү бюджетке канча каражат түшө турганын, кандай социалдык жардам бериле турганын толук билиши керек", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД