"Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги быйыл кен иштетүү боюнча 5 конкурс өткөрүүнү пландоодо. Бул болгону алдыга коюлган план", - деп мамлекеттик агенттигинин бүгүн, 14-февралда, болгон коллегиялык жыйынында агенттиктин директору Ишимбай Чунуев билдирди.
Ал ошондой эле агенттиктин ишин жакшыртуу жана айкын кылуу үчүн агенттиктин коомдук байкоочу кеңеши менен тыкыс иштеп атканын белгиледи. "Биз ай сайын жолугуп, алдыга койгон пландар жана техникалык коопсуздук маселелерин да талкуулап атабыз. Алар тараптын катуу сындар да болууда. Биз ишти жакшыртуу үчүн бардык тараптар менен иштейбиз", - деди Чунуев.