Орозбек Дүйшеев: Тоо-кен өнөр жайсыз Кыргызстандын экономикасы өнүгө албайт

"Тоо-кен өнөр жайсыз Кыргызстандын экономикасы өнүгө албайт. Анткени тоо-кен өнөр жайында иштеген компаниялар бюджетке ири көлөмдөгү салык төлөп атат", - деп геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Орозбек Дүйшеев агенттиктин бүгүнкү, 14-февралдагы, коллегиялык жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле мамлекет жетекчилери бул тармактын өнүгүшүнө кызыктар болуп, аракеттерди көрүп атканын белгиледи.

Дүйшеев өз сөзүндө өткөн жыл социалдык, саясый жактан оор болгонун айтты. "Өткөн жылы кайта куруу иштери көп болду. Алгач биздин ведомство министрлик болчу, андан кийин ал мамлекеттик агент болуп кайра түзүлдү", -деди ал.

Андан сырткары мекеменин коомдук байкоочу кеңеши 2010-жылы түзүлгөнүн белгилеп, өткөн жылы 4 жыйын өткөргөнүн жана 10дон ашык маселе каралганын кошумчалады. Ошондой эле байкоочу кеңештин кээ бир чечимдери убагында аткарылбай атканын айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД