Жогорку Кеңеште өкмөт тарабынан сунушталган "Электр жана почта байланышы жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоору маалымат каражаттарында жайгаштырылган экстремисттик материалдарга каршы күрөштү күчөтүү максатында иштелип чыккан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиевдин айтымында, мыйзам долбоору басылмалар, маалымат сайттары аркылуу экстремизм, терроризм аракетин чакыруу маалыматтарын табууга, аныктоого, материалдар табылган жеринде кылмыш ишин козгоого жана аны уюштурган жактарга каршы күрөшүү чараларын күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Баяндамачы ошондой эле "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" бир катар мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде каралып жаткандыгын билдирди.