"Азыр Жогорку Кеңеш 5 фракциядан турат. Бул саясий атаандыштык, ачыктык үчүн жакшы шарт. Көчө демократиясы парламентке кирди, келечек – парламентаризмде. Жогорку Кеңешке бир эле партия келип калса, ал, биринчиден, өнүгүүнүн жасалма түрүн таңуулаган болот. Кокту-колот болбой, партиялар өнүгүш керек", - деген оюн депутат Каныбек Осмоналиев "Парламент" (FM 90.2) радиосуна берген маегинде айтты. "Кыргызстандагы парламентаризмди өнүктүрүүдө массалык маалымат каражаттары да өздөрүнүн ролу менен бирге жоопкерчилигин да сезе билиши керек" деп кошумчалады депутат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Депутаттын ою боюнча, парламентке түрдүү сындар айтылбасы үчүн ага ар кандай тармактарда иштеген эң тажрыйбалуу адистердин көп келиши зарыл. Ошондо гана парламенттин ишинин эффективдүүлүгү абдан жогорулайт.
Депутат жаштардын парламенттин ишин жандандыруудагы, жакшыртуудагы ролун өзгөчө белгиледи. "Парламентте жаштардын саясатта такшалып, лидерлик сапатты өздөштүрүшүнө чоң мүмкүнчүлүк бар. Азыркы жаш депутаттардын ишин карап, мен кубанам. Жаштар парламентаризми мектептен башталыш керек. Башка маселе – жаштар парламентине материалдык жактан, андан кийин шарттарды түзүп берүү боюнча жагдайды мамлекет өз колуна алышы керек",- дейт эл өкүлү.